Апа, Апа!Апа, апа! Жаным апа, сен өзүңАябастан мага мээриң төгөсүң.Кокус менин күчөп калса жөтөлүм,Кайгы-муңдун тереңине чөгөсүң.Апа, апа! Жаным апа, сен өзүңМени мынча эрий жаздап өбөсүң?Өңүң тургай, түшүңдө да айтасың:"Аман жүргүн! Ишиң алга жөнөсүн!"Апа, апа! Жаным апа, сен өзүңАкыр түбү мен деп жүрүп өлөсүң.Эмгегиңдин он миңден бир үлүшүн,Эси жогуң кайдан сага төлөсүн?