122. Төмөнкү сүйлөмдөрдөн кандай бышыктоочторду жолуктурууга болот? КЕЖИРЛИКТИН КЕСЕПЕТИ Эки улак бир таман тар көпүрөдөн кезигишип калды. Бирине-бири жол бербей, көпкө кежирленишти. Жол талашып экөө сүзүшө кетишти. Көпүрө тар болгондуктан буттары тайып сууга түштү. Кежирликтин кесепетинен экөө тең жазасын алды. Эскертүү: Бул ангеме менен жогоруда келтирилген «Эки эчки>> деген тамсилди өз ара салыштырып көргүлө. Кайсынысы силерге жакты, эмне үчүн? (119-көнүгүү). Эгерде сенин турмушунда ушундай окуя болсо ен эмне кылат элен? Оюнду айт.